«Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

Кыргызстанда «Эл үмүтү» стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

 

Сынакка дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин тизмесине кирген жогорку окуу жайына академиялык окууга кабыл алынгандыгын тастыктаган жарандар катыша алат.

 

Документтерди онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт.

 

Кененирээк маалыматты Билим берүү министрлигинин сайтынан алса болот.