Бүгүнкү күндө 1-класска дээрлик 68 миң бала кабыл алынды

Бүгүнкү күндө 1-класска дээрлик 68 миң бала кабыл алынды. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, электрондук каттоодо эң жогорку активдүүлүктү Нарын облусунун Жумгал району көрсөтүп, балдардын 67 пайызы катталды, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Баткен облусунун Сүлүктү шаарында белгиленген. Аталган аймакта 21 пайызы гана каттоодон өттү.

 

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында жүргүзүлөт.

 

Быйылкы жаңы окуу жылына 1-класстар үчүн 185 миң 500 орун каралган.