“Акыркы коңгуроо” салтанатына байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Учурда мугалимдер менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, 25-май күнү шаардын чет жактарына атайын күзөт посттору орнотулуп, өспүрүмдөрдү ташыган унаалар текшерилет.
“Акыркы коңгуроо” күнү мектептеги салтанаттуу линейкадан тышкары кечелерди, кафе-ресторандарда отуруштарды уюштурууга тыюу салынат.