Кыргызстандыктарга Малайзиянын ЖОЖдорунда окуу үчүн 15 квота бөлүнөт

Өлкөдөгү эң эски Малая университетинин ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, Лира Самыкбаева университеттин жетекчилиги менен Кыргыз Республикасынан келген студенттерди окутуу жана биздин өлкөдө кампус куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

 

Ошондой эле министрдин орун басары English Learning Center англис тилин окутуу борборунда билим берүү уюмдарында англис тилин окутуу жана жайылтуу деңгээли менен таанышты. Лира Самыкбаева Малайзиядагы Google кеңсесине барганда мугалимдер жана окуучулар үчүн санариптик платформалар тууралуу маалымат алды.

 

Лира Самыкбаева 18-19-январда Сингапурга болгон жумушчу сапарынын алкагында Marshall Cavendish жетекчилиги менен жаңы муундагы окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча кызматташууну талкуулады. Себеби учурда басма үйү билим берүү уюмдары үчүн санариптик контенттин провайдери жана мугалимдерди даярдоо борбору болуп калды. Сингапурдагы Google кеңсесинде Лира Самыкбаева технологияны билим берүү максатында колдонуу тууралуу маалымат алды.

Сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары Сингапурдагы билим берүү мекемелеринде – англис тилинде, ал эми Малайзияда STEM предметтери англис тилинде окутулуп жатканына көңүл бурду.

 

Сингапурда жана Малайзияда STEM предметтерди окутууга чоң маани беришет. Лира Самыкбаева PISA эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгына таянып, сингапурдук окуучулардын ийгиликтери билим берүү стандарттары менен программаларынын натыйжалуулугун көрсөтүп жатканын белгиледи. Ал долбоорго багытталган окутуунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, маселени чечүүдө окуу материалдарын жөн гана жаттап алуудан четтеп, бир семестрде долбоор иштеп чыгууга өтүү зарылдыгы тууралуу айтып берди.