Кыргызстанда “Бурана – Баласагын” этношаары курулат

Кыргызстанда “Бурана – Баласагын” этношаары курулат. Бул тууралуу маданият министри Алтынбек Максутов билдирди. Анын айтымында, шаар байыркы заманды чагылдырган тарыхый-архитектуралык музей-комплекс болот.

 

Аны салууга 50 миллион долларга чейин каражат сарпталат. Ичинде ар улуттун ашканасы, ресторан, эс алуу жайлары да жайгашат. Максутов кошумчалагандай, “Бурана – Баласагын” шаарынын долбоору толугу менен даярдалып бүткөн. 3D форматы дагы бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.