Кыргызстанда 2027-жылдан тарта желим буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Документти Жогорку Кеңеш 29-июнда кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында тыюу 2024-жылдын 1-январынан баштап иштеп баштайт.
Мыйзам экспорт үчүн өндүрүлүүчү, турмуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычы жок жана түргөктөп сатылуучу баштыктарды өндүрүүгө тыюу салбайт.