Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды

Бишкекте мыйзамсыз курулган үйлөрдүн тизмеси жарыяланды. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарандарды алардан батир албоого чакырды.

 

Тизмеде салынып бүткөн, курулуп жаткан же пайдубалы казылган бойдон турган 38 турак жай жана аларга ээлик кылган компаниялардын аталыштары келтирилген.

 

Алардын сүрөттөрү мекеменин Фейсбук баракчасында жайгаштырылды.