Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өлкөдө көмүргө баа 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салууга алынат.

 

Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы бул чаранын аткарылышын көзөмөлдөйт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.