Улуттук банк валюта рыногуна дагы 45,2 млн доллар сатты

Улуттук банк 31-мартта валюта рыногуна 45 миллион 200 миң доллар сатты.

 

Муну менен өлкөнүн башкы каржы мекемеси жыл башынан бери алты жолу интервенция жасап, валюта базарына 307 миллион 370 миң доллар чыгарды.

 

Белгилеп кетсек, интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат.

 

Кошумчаласак, Улуттук банк январдын аягында Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар экенин билдирген.