Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет. Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулованын айтымында, каражат абанын сапатын жакшыртууга багытталат.

 

Долбоор бир нече этаптардан турат, анын ичинде аба сапатын башкаруу системасын бекемдөө, үйлөрдү жылытуунун экологиялык чечимдерин колдоо жана шаарды жашылдандыруу суроолору бар. Программаны ишке ашыруунун мөөнөтү – 2030-жылдын декабрына чейин.

 

Парламенттин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети токтом долбоорду жактырды.