Соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилди

Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, патенттик системаны жоюп, жаңы салык режими менен иштөөгө салык органдары өздөрү даяр эмес болуп чыкты.

 

Эске салсак, базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу.

 

Ишкерлер Көзөмөл-кассалык машинелердин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда.