Кыргызстан алтындын запасы боюнча дүйнөдө 67-орунда турат

Кыргызстан 16 тоннадан ашык алтындын запасына ээ жана бул жаатта ТОП-100 чоң өлкөнүн катарына кирип, дүйнөдө 67-орунда турат. Жылдын биринчи чейрегиндеги мындай маалыматтарды Дүйнөлүк алтын кеңеши таратты.

 

Кыргызстанга коңшу мамлекеттердин ичинен Тажикстанда гана алтындын кору аз. Алтындын ээлери боюнча дүйнөлүк рейтингде Өзбекстан менен Казакстан алдыңкы жыйырмалыкка кирет.