Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетет

Быйыл Кыргызстанда кант кызылчасынын түшүмү рекорддук көрсөткүчкө жетет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Мекеменин божомолуна ылайык, республика боюнча 900 миң тонна кызылча жыйналат. Бул көлөмдөн 110 миң тонна кумшекер алынат, бул Кыргызстандын калкынын шекерге болгон жалпы муктаждыгынын 92 пайызын түзөт.

 

Министрлик азырынча кантты импорттоого тыюу салууну пландай элек. Бул Россия, Белорусия жана Казакстанда товардын баасынын төмөндүгүнө байланыштуу. Бирок кийинчерээк дыйкандарды колдоо максатында тыюу салынышы мүмкүн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.