Кыргызстанда быйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, бул сумма 11 миңдей гана адамга жетет.
Насыянын үстөгү 6 пайыздан ашпайт жана банктар анын үстүнө үстөк кошууга укугу жок. Каражат дыйкандарга мамлекеттик эки банк аркылуу берилет.
Эске салсак, Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылы башталган.