Пиязды сыртка сатууга салынган чектөө алынды

Министрлер кабинетинин атайын токтому менен 3-марттан тарта пиязды сыртка эспорттоого салынган убактылуу чектөө алынды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Өткөн айдын аягында аталган министрлик чектөөнү алып салуу тууралуу токтом долбоорун иштеп чыгып, өкмөткө бекитүүгө сунуш кылганын билдирген.

Анда сунуш «жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана республиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында» иштелип чыкканы маалымдалган.

Кыргызстанда пиязды сыртка экспорттоого 31-январдан тартып үч айга тыюу салынган.

Мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү белгиленген.

Февралдын башында пияздын баасы жогорулап, килограммы 60-70 сомго жетип, кийин арзандаган.

Бул маселе парламентте көтөрүлүп, айрым депутаттар тонналаган пияз кампаларда жатканын, тез арада сыртка чыгарууга уруксат берилбесе анын баары жараксыз болуп каларын эскерткен.