Баткенде 11 миллион долларга агрардык долбоор башталды

Баткенде 11 миллион долларга агрардык долбоор башталды. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдиргендей, каражат Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн.

 

Акча айыл чарбасын өнүктүрүүгө жумшалат. Ага ылайык, Баткендин ар бир айыл өкмөтү жеңилдетилген кредиттерди ала алышат. Бул үчүн алар күзгө чейин иш пландарды жана долбоорлорду түзүшү керек.