Быйыл Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт

Быйыл Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болбойт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө социалдык маанилүү продукциянын тогуз түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу жогору болушу күтүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, социалдык маанидеги товарлардын тизмесине ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, эт, кант, күрүч жана чай кирет.