Кыргызстанда капиталдык ремонттон кийин 9 колледж жана 10 кесиптик лицей ачылды

Кыргызстанда капиталдык ремонттон кийин 9 колледж жана 10 кесиптик лицей ачылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине 400 миллион сом бөлүнгөн.

 

Ошондой эле окутуунун жаңы ыкмалары иштелип чыгып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу уюштурулуп, кабинеттерге жабдуулар орнотулду. Иштер Азиялык өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен аткарылды.