Кыргызстанда кышында электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилбейт

Кыргызстанда кышында электр энергиясын берүүдө чектөөлөр киргизилбейт. Бирок жөнгө салуучу чаралар колдонулушу мүмкүн экенин Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Чиновник түшүндүргөндөй, эгер кайсы бир район же көчөдө тармактарга күч келүү катталса, трансформаторду бошотуу максатында абоненттер башка тармакка өткөрүлөт.

 

Бул жабдууларды иштен чыгуудан сактайт. Ибраев белгилегендей, мындай процедураларды аткарбаса, трансформатордо авария катталып, керектөөчүлөр бир нече күнгө жарыксыз калышы мүмкүн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.