“Улуттук энергохолдинг” жоюлуп, акциялары Энергетика министрлигине өтөт

“Улуттук энергохолдинг” жоюлуп, акциялары Энергетика министрлигине өтөт. Бул тууралуу ведомствонун басма-сөз кызматынан билдиришти. Компанияны жоюу токтом долбооруна Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов кол койду.

 

Мындай чечим энергетикалык компаниялардын чыгымдарын азайтуу, эффективдүү башкарууну киргизүү максатында кабыл алынды.

 

Холдинг жоюлса,  70 миллион сомдон үнөмдөлө турганы белгиленди. Эске салсак, “Улуттук энергохолдинг” 2016-жылы түзүлүп, Энергетика министрлиги жоюлган. 2020-жылы министрлик кайрадан түзүлүп, иш жүзүндө эки түзүм тармактагы бир ишти аткарып келген.