Баткен районунун 13 айылында үч күн бою электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Баткен электр тармактары” ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай чара CASA-1000 долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы линияны тартууда коопсуздукту сактоо үчүн жасалууда.
Андан улам, 25-26-27-апрелде эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Кара-Токой, Боз-Адыр, Ширеч, Газ, Согмент Таян, Кыштут, Сай, Сары-Талаа, Тунук-Суу, Кан жана Жаңырык айылдарында, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында өчүрүлөт.