Кыргызстанда учурда 180 мектептин курулушу жүрүүдө

Кыргызстанда учурда 180 мектептин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, 157 мектеп мамлекеттик бюджеттин, бири жергиликтүү бюджеттин, ал эми 20дай мектеп ар кандай долбоор жана гранттардын эсебинен курулууда.

 

1-сентябрга карата 40 билим берүү объектиси ачылат, анын 23ү мектеп, 17си бала бакча.

 

Жалпысынан Кыргызстан аймагында 2 миң 377 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп бар.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.