Балыкчынын №3 мектебинде жаңы корпус курулат

Балыкчынын №3 мектебинде жаңы корпус курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялады.

 

Мектептин жаңы имараты 500 окуучуга чакталат. Объекттин сметалык баасы 174 миллион 750 миң сомду түзөт. Арыздар 1-ноябрга чейин кабыл алынат.