Кыргызстан мектептеринде күзгү каникулдар 6-ноябрда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи чейрек жыйынтыкталгандан кийин окуучулар 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин эс алат.
Кайрадан парталарга алар 13-ноябрь, дүйшөмбүдө кайтып келет.