Кыргызстандыктардын акчалай кирешеси 21,5 пайызга көбөйдү

Кыргызстандыктардын номиналдык акчалай кирешелери жылдын I кварталында дээрлик 220 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,5 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

 

Милдеттүү төлөмдөрдү жана төгүмдөрдү чыгаруу менен кирешелерди мүнөздөгөн калктын жан башына алгандагы колдо болгон акчалай кирешелери айына 10 миң 790 сомду түздү. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 20 пайызга көп.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.