Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды. Эсепти Жоэль Кожо ачты. Көп өтпөй Өзбекстан эсепти 1:1 кылып теңеди. Биринчи таймдын аягына чейин командалар дагы бирден топ киргизип эсеп 2:2 болгон.

 

Экинчи таймда Өзбекстан дагы бир гол киргизип, жеңишти камсыздашты. Бул 2026-жылы өтө турчу Дүйнө чемпионатына тандоонун үчүнчү раундундагы оюн. Эми курама Иран, Өзбекстан, Түндүк Корея, Араб эмираттары жана Катар курама командалары менен дагы 8 оюн өткөрөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.