Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушуна бюджеттен   11 миллиард сом каралууда

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушуна бюджеттен   11 миллиард сом каралууда. Бул тууралуу Каржы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.

 

Документке ылайык, Кыргызстандын республикалык бюджетинен 2025-жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 4,3 миллиард, 2027-жылы 4,4 миллиард сом темир жолдун курулушуна бөлүнөт. Курулуш быйыл октябрда башталат деп пландалууда.

 

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы наркы 4 миллиард 665 миллион доллар деп көрсөтүлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.