Эл аралык донорлор Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун оңдоого насыя берет

Эл аралык донорлор Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолун оңдоого насыя берет. Бул тууралуу парламентте Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди.

 

Анын айтымында, Ислам өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду 15 миллион жана Сауд өнүктүрүү фонду 30 миллион доллар бөлүп берет.

 

Андан тышкары, 10 миллионду Кыргызстан өзү чыгарат. Суусамыр – Талас – Тараз жолунун оңдоло турган тилкесинин жалпы узундугу 93 чакырымды түзөт.