Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк жеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ош, Баткен жана Нарындын айрым жерлери жаан-чачындуу болот.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.
Чүй чөлкөмүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18 градус;
Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +18…+23, тоо этектеринде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын аймагында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18, бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10 градус болот.
8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт.