Июль айынын биринчи жумасы планетагы байкоолор тарыхында эң ысык болду

Быйыл июль айынын биринчи жумасы планетагы байкоолор тарыхында эң ысык апта болду. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму билдирди.

 

Климаттык мониторинг департаментинин адистеринин айтымында, деңиз бетиндеги температура жогорку деңгээлге жеткен. Ысык аба ырайы климаттык системанын ар кайсы бөлүктөрүндө болду.

 

Түндүк Атлантикада жылуулук климаттык моделдерге караганда бир топ ылдамыраак болуп чыкты, деп айтылат уюмдун отчетунда.