Августтун биринчи декадасы Бишкекте ысык болот

Августтун биринчи декадасы Бишкекте ысык болот. Синоптиктердин маалыматына караганда, ордо калаада түнкүсүн 22…24, күндүз 37 градуска чейин ысыйт.

 

Жаан-чачын келерки айдын 10уна чейин дээрлик күтүлбөйт.

 

Эске салсак, метеорологиялык байкоолордун бүткүл мезгилинде Бишкек шаарында эң жогорку температура 2012-жылы 22-августта белгиленген, анда аба табы дээрлик 40 градус ысыган.