Декабрда катуу суук күтүлбөйт

Декабрда катуу суук күтүлбөйт. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, кыштын биринчи айында Бишкекте жана Чүй облусунда температура норманын тегерегинде болот.

 

Түнкүсүн 0дөн -14 градуска чейин болсо, күндүз 5 градус сууктан +15 градуска чейин көтөрүлөт. Жаан-чачын дагы норманын тегерегинде күтүлөт. Азыркы адаттан тыш жылуу аба-ырайы эртеңкиге чейин созулат, бейшембиде аймакка суук жана жаан-чачын келет.