Бишкекке жаз жылнаама менен тең келет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүрсүгүнү – 1-мартта күн кадимкидей жылуу болуп баштайт. Бүгүн жана эртең ордо калаада аба табы +7 градусту көрсөтсө, түнкүсүн бир аз суук болот.
Ал эми жаздын алгачкы күнү 1-марттан тарта термометр мамычаларынын көрсөткүчү кескин көтөрүлөт. Жума аягында температура 17 градуска чейин жылыйт, күндүз дагы + белгиси сакталат.