Өлкөдөгү кичи кредиттик уюмдар тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6 айында  30 миллиард сомго насыя берилди

Өлкөдөгү кичи кредиттик уюмдар тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6 айында  30 миллиард сомго насыя берилди. Улуттук статистика комитеттинин маалыматына ылайык, жалпысынан каражатты 560 адам алган.

 

Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, берилген сумма 26,5 пайызга көп. Ал эми кичи кредит менен камтылган калктын саны 1,5 эсе көбөйгөн.

 

Насыяны басымдуу учурда Бишкектин жана Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тургундары алышты. Каражат керектөөлөргө, ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө, айыл чарбачылыгына, соода, курулуш жана коомдук тамактануу тармактарына багытталды.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.