Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алат.

Тиешелүү келишим Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде бүгүн бир добуштан колдоо тапты.

Каражат аз камсыз үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү үчүн жумшалат.

Анын алкагында жалпысынан 23 миң адам жумуш менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

Эми мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат.