Кыргызстандын салык кызматы товар жеткирүүнү навигатор менен көзөмөлдөй баштады

Кыргызстандын салык кызматы товар жеткирүүнү навигатор менен көзөмөлдөй баштады.

 

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, Казакстан менен Россияга темир жол жана унаа аркылуу жүк ташууда электрондук навигациялык пломбалар менен көзөмөлгө алган пилоттук долбоор ишке кирди. Бул долбоорду аталган үч өлкөнүн улуттук операторлору атайын интеграцияланган маалыматтык система аркылуу ишке ашырат. Анын алкагында товарлардын ташылышына байкоо жүргүзүлүп, жеткирилишин көзөмөлдөө жана аткезчиликти азайтуу пландалууда.

 

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин улана турган долбоорго жүк ташуучулар ыктыярдуу түрдө катыша алат жана акы төлөбөйт.