Кыргызстанда банктардын кирешеси өткөн жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, былтыр банктар 24 миллиард 237 миллион таза киреше алды.
Буга чейин Банктар союзу 2022-жылы таза кирешенин көлөмү рекорддук көрсөткүчкө – 23,7 миллиард сомго жеткенин билдирген.