Москва районунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды

Москва районунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Ведомство маалыматына ылайык, бул Чүй облусунда медициналык уюмдардын базасында ачылган сегизинчи мамлекеттик аптека жана учурда республика боюнча жалпысынан 87 дарыкана иштеп жатат. Аларда дары-дармектин баасы 10-20 пайызга төмөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.