Кыргызстанга коронавирустан  Pfizer вакцинасы жеткирилди

Кыргызстанга коронавирустан  Pfizer вакцинасы жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан 20 миң доза препарат келди.

 

Ведомстводон белгилешкендей, вакцина COVAX программасынын линиясы менен жөнөтүлгөн. Препаратты гуманитардык негизде Кыргызстанга Франция өкмөтү тапшырды.