Ош облусунда 16 социалдык объект ачылды.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев тарабынан объектилердин салтанаттуу ачылышы өттү.
Ведомстводон билдиришкендей, курулуш Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында жүргүзүлдү. 16 объектинин ичинен төртөө мектеп, экөө бала бакча жана 20 үй-бүлөгө ылайыкташкан 10 турак үй.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.