Кыргызстанда бир катар майрам күндөрүн жумуш күнү деп бекитүү сунушталды

Кыргызстанда бир катар майрам күндөрү жумуш күнү деп бекитилди. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 23-февраль (Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Элдик Апрель революциясынын күнү) жана 7-8 ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) мамлекеттик майрам күндөрү деп аталат. Бирок бул күндөрү эс алуу болбойт.

 

Ал эми Жаңы жылда алты күндүк (1-6-январга чейин), май айында 8 күндүк (1-8-май күндөрү) каникул болот.

 

Жаңы Эмгек кодексине ылайык, майрамдар дем алышка туура келген учурда жумуш күнүнө которулбайт. Долбоор эми Жогорку Кеңеште колдоо табышы керек.