Кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын тыгыны жоюла элек

Кыргыз-казак чек арасындагы унаалардын тыгыны жоюла элек. Кыргызстандын Чек ара кызматы билдиргендей, автоунаалардын узун кезеги былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда эки эсе көп болууда.

 

Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» бекетинде 353, «Чалдыбарда» 88, «Кең-Булуңда» 38, ал эми «Чоң-Капкада» 82 оор жүк ташыган машине турат.

 

Ал эми кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок, чек арачылар кадимки тартипте иштеп жатат.

 

Эске салсак, чек арадагы кезек күтүү 20-августтан тарта пайда боло баштаган.