Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Ош облусунун Ноокат районунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 150 орундуу мектеп Караке айылында жайгашат.

 

Окуу корпусунан тышкары анда спортзал, өтмөк галереясы, акты залы жана башка зарыл имараттар каралган.

 

Курулуш иштери 85 пайызга аяктады. Объект 1-сентябрга чейин ачылат деп пландалууда.

 

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.