Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 17- жана 21-майда өтөт.
Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти. Өз учурунда катталууга жетишпей калган абитуриенттер бул күндөрү тест борборлоруна келиши керек.
Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Анын жыйынтыгы жогорку окуу жайга өтүүдө милдеттүү болуп саналат. Бир гана айрым чыгармачыл кесиптерге ЖРТ талап кылынбайт.