Кыргызстан мектептеринде биринчи класстар үчүн бул окуу жылында 186 миң 201 орун бар. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, дээрлик 11 миңге көп, — деп билдирди Билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.
Ал белгилегендей, электрондук кабыл алуунун биринчи этабы 26-июнга чейин уланат. Андан кийин окуучулар 26-июндан 31-августка чейин жашаган жери менен эмес, каалаган мектептеги бош орундарга кабыл алынат.