3 күндөн кийин мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алат

3 күндөн кийин мектептерде балдарды биринчи класска электрондук кезек менен кабыл алуу старт алат. Бул ирет ал эки этап менен жүргүзүлөт – 10-апрелден 25-июнга чейин туруктуу жашаган жери боюнча.

 

Ал эми экинчи этаптын алкагында пропискасына карабай, каалаган мектепке – 26-июндан 31-августка чейин кабыл алынат. Билим берүү министрлигинен эскертишкендей, документ кабыл алуу жол жобосу mektep.edu.gov.kg сайтында жеткиликтүү.