“Реал Мадрид” алтынчы жолу УЕФА Суперкубогун утту

“Реал Мадрид” алтынчы жолу УЕФА Суперкубогун утту. Кечээ испан клубу италиялык “Аталантаны” 2:0 эсеби менен жеңип алды. Голдорду жеке эсебине жарым коргоочу Федерико Вальверде жана командада биринчи оюн өткөргөн Килиан Мбаппе жаздырды.

 

Буга чейин “Реал” 2002, 2014, 2016, 2017 жана 2022-жылдардагы суперкубокторго ээ болгон.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.