Бир мандаттуу №13 Сузак округунда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышуу үчүн 12 киши арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Талапкерлердин арызын кабыл алуу 22-августка чейин уланат. Шайлоо өзү 22-сентябрда өтөт.
Эске салсак, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.