Кызмат учурунда каза тапкан прокурорго бериле турган кенемте азайды

Кызмат учурунда каза тапкан прокурорго бериле турган кенемте азайды. Тиешелүү мыйзамга президент кол койду.

 

Буга чейин прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин 20 жылдык эмгек акысына тең кенемте төлөнүп келген. Жаңы мыйзамда маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына тете компенсация берүү каралган.

 

Эске салсак, май айында парламент Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом төлөп берүү тууралуу өкмөттүн сунушун колдогон жана бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан болчу.