Алмазбек Атамбаев абактан чыкты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарды.

Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгени кабарланды.

Кыргызстандын эки жолку премьер-министри, Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары жана 2011-2017-жылдары мамлекетти башкарган экс президент Алмазбек Атамбаев 2019-жылы «Батукаев иши» боюнча камалган.

Ошондой эле Кой-Таш окуясы, 2010-жылкы Июнь окуясы, Бишкектин Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча шек саналып жатат.

Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча да айып коюлган.

Ал өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин айтып келет.